Запорожье жана Херсон облустарында 700 миңдей адам жарыксыз калды

Шейшембиде Украинанын Запорожье жана Херсон облустарынын Орусия көзөмөлдөгөн аймактарында 700 миң адам электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу аталган облустардын Орусия тарап дайындаган администрация өкүлдөрү билдирди.

Маалыматка караганда, 3-июнга оогон түнү дрон чабуулунан облустардын энергетикалык объектилери жарактан чыкты.

Запорожье облусунда 600 миңге чейин адам жашаган аймактын 457 калктуу конушу, Херсон облусунда 100 миң калкы бар 150 калктуу конуш электр жарыгысыз калганы кабарланды.

"Сөз 104 миңден ашык тургун жана 44 социалдык мааниге ээ объект тууралуу болуп жатат. Бардык маанилүү объектилер резервдик энергия булактарына туташтырылды", - деп айтылат расмий маалыматта.

Бул боюнча Украина тарап комментарий берген жок.

Запорожье облусунун бир бөлүгүн согуш башталганда эле Орусия басып алган, бирок анын борбору Запорожье шаары Украинанын көзөмөлүндө турат. 2022-жылы сентябрда орус президенти Владимир Путин Запорожье облусунун Орусияга кошулуусу тууралуу жарлыкка кол койгон. Бул чечимди дүйнө өлкөлөрүнүн көпчүлүгү тааныган эмес. (AiA)

Дагы караңыз

Орусия: теги тажик көп балалуу аял батир сертификатын кайтарып алуу үчүн сотко кайрылды ӨКМ Ак-Сайда карда калган чабандарга көмөк көрсөтүлгөнүн билдирди Ак үй: Трамп Эрдогандын украин-орус сүйлөшүүлөрүнө катышуу сунушуна макул