Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:03

ӨКМ Ак-Сайда карда калган чабандарга көмөк көрсөтүлгөнүн билдирди


ӨКМ тараткан сүрөт.
ӨКМ тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ак-Сайга кар улуу жаап салгандыктан бул өрөөнгө эртелеп чыккан чабандарга жардам берилгенин билдирди.

Министрликтин куткаруучулары 2-июнда өздөрү менен кошо чөп жүктөй барышканын, 1,5 миңдей кою менен жайлоодо калган чабан ылдый түшкөнүн маалымдады.

"Арпада калыңдыгы 20-25, Кында ашуусунда, Ак-Сайда 15 сантиметрге жеткен кар түштү, абал туруктуу жана тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө. Бул өрөөндөрдө чабандар менен байланыш бар. Тоютсуз калган малга жем-чөп жеткирилип, Казыбек жана Кара-Суу айыл өкмөттөрү техникадан жана күйүүчү майдан жардам берип жатат",-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин ӨКМ Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 537-544-чакырымына (Арка тилкеси) 15-20 сантиметрге жеткен кар жаап, машиналардын каттамына кыйынчылык жаралганын, жол тазаланганын билдирген.

Ак-Сай, Арпа жайлоосуна Нарын облусуна караштуу бир катар райондордун эли жайында малы менен чыгат, айрымдары кыштайт. Өрөөндө кышында кар оор түшөт, жаз-жай айларында, эрте күздө кар калың жаап салган учурлар кездешет.

Шерине

XS
SM
MD
LG