Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:50

Ак үй: Трамп Эрдогандын украин-орус сүйлөшүүлөрүнө катышуу сунушуна макул


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын Украина менен Орусиянын лидерлеринин жыйынына катышуу сунушуна макул болду, бирок эки өлкөнүн президенттери Владимир Зеленский менен Владимир Путин бир столго отурууга даяр болушу керектигин билдирди. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт кабарлады.

"Президент эгер эки лидер, эки тарап тең сүйлөшүүгө барууга даяр болсо анда ал бул сунушка ачык экенин айтты",-деди Ливитт журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Мунун алдында украин президенти Владимир Зеленский Эрдогандын сунушун колдой турганын айткан.

"Мен Түркиянын президенти Эрдоган менен сүйлөштүм. Ал чынында эле эгер төрт лидер - өзү, Американын президенти, Путин жана мен бир столго отурушуна кандай карарымды кыйытты. Мен лидерлердин деңгээлиндеги жолугушууну колдой турганымды айттым, анткени биздин мындай жолугушуубуз болбосо согушту токтотуу мүмкүн эместей сезилет",-деди Зеленский.

Дүйшөмбү күнү Эрдоган Путиндин, Зеленскийдин жана Трамптын жолугушуусун Стамбулда же Анкарада өткөрүүнү сунуштаган. Ал бул тууралуу украин-орус сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы өткөндөн кийин билдирген.

Стамбулдагы 2-июндагы жолугушуу бир саатка жетпеген убакыт гана созулган жана дээрлик жыйынтыксыз аяктаган.

Анда тараптар оор жарадар аскерлерди, 19-25 жаштагы туткундарды жана каза болгондордун алты миңден сөөгүн айырбаштоону гана макулдашкан.

15-майда Стамбулда согуш башталгандан берки алгачкы Украина-Орусия түз сүйлөшүүсү өткөн, анда да атышууну токтотуу боюнча мунаса табылган эмес.


Шерине

XS
SM
MD
LG