Өткөн аптада 17ге чыкканын ТикТокто белгилеген Сана Юсафтын соцмедиа барактарында бир миллиондон ашуун күйөрманы бар эле. 2-июнда өз үйүндө бир нече ок тийип каза болгон кыздын өлүмүнө алысыраак тууганы шектелип кармалды. Окуяга катуу бушайман болгон аялдар, активисттер жөө жүрүшкө чыгышты.