7-июнга караган түнү Украинанын чыгышындагы Харьков шаары Орусиянын согуш башталгандан берки эң катуу соккусуна кабылганын өлкө бийлиги кабарлоодо.
Эртең мененки расмий маалыматка караганда, шаар 50 чакты согуштук "Шахед" дрону, эки ракета жана башкарылуучу төрт авиабомба менен аткыланды. Көп жерде кыйроо болуп, өрт тутанды.
Каза болгондор кеминде үч адам экени, дагы 21 адам жараат алганы, жабыркагандардын саны улам көбөйүп жатканы маалымдалууда.
Облустук администрациянын башчысы Олег Синегубов жараат алгандар арасында балдар да бар экенин, алардын бири 1,5 айлык ымыркай деп аныкталганын айтты.
Ишембиге караган түнү Орусиянын жапырт чабуулуна өлкөнүн түштүгүндөгү Херсон шаары да кабылды. Соккулардын кесепетинен кеминде эки өмүр (56 жаштагы эркек жана 54 жаштагы аял) кыйылганын, дагы бир нече жайкын тургун жараат алганын жергиликтүү бийлик кабарлоодо.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн соңку маалыматына караганда, өткөн түнү Орусия бул өлкөнүн аймагына согуштук дрондордон 206ны, "Искандер-М/KN-23" баллистикалык ракеталарынан экини, башкарылуучу Х-59/69 авиациялык ракеталарынан алтыны жана "Искандер-К" канаттуу ракетасынан бирди учурду. Дрондордун 87си, ракеталардан жетөө атып түшүрүлгөнү маалымдалды. (RK)
Шерине