Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:17

Калкка берилген керектөө насыясынын жалпы көлөмү эки эсе өстү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банктын январь-апрель айындагы эсебине ылайык, коммерциялык банктардын калкка берген керектөө насыясынын көлөмү былтыркы ушул мезгилге караганда эки эсе өстү.

Кыргызстандын коммерциялык банктары апрель айына карата калкка 124 млрд сомдук керектөө насыяларын берди. Бул банктар берген жалпы 394 млрд сомдук насыянын 1/3 (үчтөн бири) болуп саналат. Андан кийин 25,7% соода-сатыкка жана 12,9% айыл чарбасына берилген. Керектөө насыясынын үстөк пайызы бардык насыялардын ичинен эң жогору – 21,35%.

Ал эми Улуттук статистика комитетинин эсебинде, микронасыялык уюмдардын январь-март айларында берген керектөө насыясынын көлөмү 11,6 млрд сом болуп, жалпы микронасыялардын 62% түздү. Бул былтыркыга караганда 74%, 2023-жылга караганда 233% көбөйдү дегенди билдирет. Мынча көлөмдөгү керектөө насыясын 343 миңдей кардар алган.

Мурдараак соода-сатыкка жана айыл чарбасына алгандар көп болчу. Керектөө насыясы 2023-жылга чейин 2-3-орунда туруп келген. Соңку жылдары онлайн форматта иштеген электрондук капчыктар өнүгүп жаткандан бери банктардын керектөө насыялары боюнча кардарга сунуштары кеңири жайылып келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG