ӨКМ Ак-Сайда карда калган чабандарга көмөк көрсөтүлгөнүн билдирди

ӨКМ тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ак-Сайга кар улуу жаап салгандыктан бул өрөөнгө эртелеп чыккан чабандарга жардам берилгенин билдирди.

Министрликтин куткаруучулары 2-июнда өздөрү менен кошо чөп жүктөй барышканын, 1,5 миңдей кою менен жайлоодо калган чабан ылдый түшкөнүн маалымдады.

"Арпада калыңдыгы 20-25, Кында ашуусунда, Ак-Сайда 15 сантиметрге жеткен кар түштү, абал туруктуу жана тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө. Бул өрөөндөрдө чабандар менен байланыш бар. Тоютсуз калган малга жем-чөп жеткирилип, Казыбек жана Кара-Суу айыл өкмөттөрү техникадан жана күйүүчү майдан жардам берип жатат",-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин ӨКМ Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 537-544-чакырымына (Арка тилкеси) 15-20 сантиметрге жеткен кар жаап, машиналардын каттамына кыйынчылык жаралганын, жол тазаланганын билдирген.

Ак-Сай, Арпа жайлоосуна Нарын облусуна караштуу бир катар райондордун эли жайында малы менен чыгат, айрымдары кыштайт. Өрөөндө кышында кар оор түшөт, жаз-жай айларында, эрте күздө кар калың жаап салган учурлар кездешет.

Дагы караңыз

Ак үй: Трамп Эрдогандын украин-орус сүйлөшүүлөрүнө катышуу сунушуна макулЧет элдиктерге этникалык кыргыз катары виза даярдоого шек саналган жаран кармалды Түштүк Кореяда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат Орусия Украинага шайлоо өткөрүү, четтен аскердик жардам албоо тууралуу шарт койдуСадык Шер-Нияз трак айдаган кыргызстандыктар Францияда маңзат менен кармалганын билдирди