Польша: президенттик шайлоонун экинчи турунда консерватор Навроцкий жеңди

Кароль Навроцкий.

Польшада жекшембидеги президенттик шайлоонун экинчи айлампасында консерватор Кароль Навроцкий саясий атаандашы, либерал Рафал Тшасковскийди женди.

Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Навроцкийди шайлоочулардын 50,89%, ал эми Тшасковскийди 49,11 колдоду.

Экинчи айламдага шайлоочуларын 71,63% добуш берди.

Навроцкий добуш берүү аяктагандан кийин "Польшадагы патриоттук күчтөрдү, өлкөнү мыйзамсыз мигранттарсыз көргүсү келген топторду бириктирүүгө" убада берди.

Саясий баяндамачылар Навроцкийдин жеңиши Польшанын Европа Биримдиги менен Украинанын ортосундагы чыңалууну күчөтөт деп айтып келишет.

Навроцкий расмий Брюсселге менен Киевге салкын мамилеси жана Украинанын НАТОго чакырууга жана Евробиримдикке кошулушун тездетүүгө каршы чыгып келгени менен белгилүү.

Анын жеңиши Польшадагы либерал өкмөт менен консерватор президенттин тирешин дагы улантышы ыктымал.

Польшада президенттин ыйгарым укуктары чектелүү, бирок ал кайсы бир мыйзамдарга вето коюп, өкмөттүн ишине кийлишиге алат.

Дагы караңыз

Орусия Украинадагы аскер полигонуна сокку урду, 12 адам мерт болду Ташкул Керексизовдун кызы "Аалам ордо" борборуна байланыштуу президентке кайрылды Зеленский орус аэродромдоруна чабуул жасоого 1,5 жыл даярдык көрүлгөнүн айтты ИИМ 10-июндан тартып мыйзамсыз мигранттар депортация болорун эскертти Газа: жардам тараткан борборду Израил танк менен аткылаганы кабарланды Тергөө кызматы Брянск менен Курскидеги жарылууну "теракт"катары мүнөздөдү Элчилик Курманбекованын орус жарандыгынан ажыратылганы жөнүндө маалымат бердиДебюрократизация: ишкерлерди текшергендерди азайтуу сунушталдыГрузияда талаштуу "Чет элдик агент жөнүндөгү" мыйзам күчүнө кирди