Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Дебюрократизация: ишкерлерди текшергендерди азайтуу сунушталды


Кыргыз өкмөтү тараткан сүрөт.
Кыргыз өкмөтү тараткан сүрөт.

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев жетектеген бюрократияны азайтуу үчүн түзүлгөн мекеме аралык комиссия 30-майда үчүнчү жолу жыйынга чогулду.

Жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, юстиция министри Аяз Баетов чаралардын үчүнчү топтому негизинен ишкердик жана инвестиция чөйрөсүнө тиешелүү экенин маалымдады.

Ага ылайык, бизнести көзөмөлдөө системасын реформалоо сунушталып жатат.

“Көп сандаган кайталанган текшерүүлөрдүн ордуна комплекстүү текшерүү үчүн үч багыт боюнча киргизилет: техникалык жана экологиялык коопсуздук, финансылык жана салыктык көзөмөл, санитардык жана тамак-аш коопсуздугу”,-деп жазылган өкмөт тараткан маалыматта.

Ошондой эле Жогорку Кеңешке үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга электрондук мониторинг жүргүзүүнү кеңейтүүгө, түзөтүү абактарын жоюуга, медиация институтун өнүктүрүүгө, эркин экономикалык аймактарга байланыштуу төрт мыйзам долбоору киргизилгени айтылды. Ошондой эле дагы 30дай долбоор жөнөтүлгөнү жатканы белгилүү болду.

Март айында кыргыз өкмөтү алты айдын ичинде мамлекеттик башкаруyну кескин реформалап, бири-бирин кайталаган мамлекеттик мекеме-уюмдарды жоюу, бюрократия менен ашыкча чыгымдарды азайтуу планын жарыялаган.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаровдун атайын жарлыгы да чыккан. Документке ылайык, юстиция министри Аяз Баетов Министрлер кабинетинин төрагасынын убактылуу орун басары болгон. Ал ошондой эле Стратегиялык демилгелер улуттук институтун дагы жетектеп жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG