Курскиде 30дай түндүк кореялык аскер өлгөнү же жарадар экени кабарланды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетип, анын милдетин биринчи орун басары Адылбек Касымалиев убактылуу аткара турган болду. Бул жагдайды Салык кызматынын жетекчилигинин кармалышы менен байланыштыргандар да болууда.Израил армиясынын Газага жасаган аба соккуларынан 50дөн көп адамдын өмүрү кыйылды. Израил ошондой эле коңшу Сириядагы оккупацияланган Голан дөңсөөлөрүндөгү жөөт конуштарынын санын эки эсе көбөйтүүнү чечти. Украина Орусиянын Курск облусунда кеминде 30 түндүк кореялык аскер каза болгонун же жараат алганын билдирди. Түндүк кореялык бөлүктөр үч тилкеде “олуттуу жоготууларга” кабылганы айтылууда.
Чыгарылыштар
-
Июнь 05, 2025
Орусия: Мигранттын баласы мектепке кантип кирет?
-
Июнь 05, 2025
Айзиректин өлүмү: Мылтыктын ээси ким?
-
Июнь 03, 2025
Оштун мурдагы казысы кайра камалды
-
Июнь 02, 2025
Курманбекова орус жарандыгынан эмнеге ажырады?
Шерине