Израил армиясы (ЦАХАЛ) ХАМАС тобунун (АКШ жана Европа Биримдиги террордук деп жарыялаган) барымтасында каза болгон израилдик келиндин жана анын эки кичинекей баласынын өлүмүнө айыпталган киши жок кылынганын билдирди.
7-июнда жарыяланган маалыматка караганда, ХАМАСтын командирлеринин бири Асад Абу Шарайя 2023-жылдагы кол салуу учурунда согушкерлердин Нир-Оз конушундагы операциясын башкарып турган, 32 жаштагы Шири Бибас аттуу келин жана анын бири төрт жаштагы, экинчиси 9 айлык уулдары ошол учурда уурдалып, кийин үчөө тең өлтүрүлгөн.
Асад Абу Шарайя "Катаиб ал-Мужахидин" экстремисттик террордук тобунун башчысы экени, ал Газа секторунда ЦАХАЛдын жана Израилдин Жалпы коопсуздук кызматынын (ШАБАК) биргелешкен атайын операциясынын натыйжасында жок кылынганы маалымдалды.
Израил армиясы билдиргендей, Абу Шарайя Таиланддын жараны Наттапонг Пинтанын жана жубайлар Жуди Линн Вайнштейн менен Гади Хагайдын да уурдалышына тиешеси бар болгон. Таиланддык жарандын сөөгү 7-июнда Газанын Рафах шаарында, ал эми уурдалган кезде 70 жана 72 жашта болгон маркум жубайлардын сөөгү 5-июнда Хан-Юнисте табылган.
2023-жылдын 7-октябрында Израил Газа тараптан ХАМАС тобунун кол салуусуна кабылганын, 1197 кишиси өлтүрүлгөнүн, 251 кишисин барымтага алып кетишкенин, эртеси күнү Ливан тараптан "Хезболланын" ракеталык аткылоосу болгонун билдирген жана аларга каршы согуш баштаган. Ошондон бери Газада 54 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганын анклавдын саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. (RK)