Камчыбек Ташиев УКМК жаңы имаратка көчүп жатканын билдирди

УКМКнын жаңы имаратын куруу 2023-жылы майда башталган.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызмат жаңы имаратка көчүп жатканын айтты. Ал бул тууралуу 31-майда “Регион” телеканалына курган маегинде билдирди.

Анда азыркы 1982-жылы курулган имарат тарыхый жай болгонун, жаңысы мындан бир канча эсе чоң экенин билдирди. Убагында өлкө башчылары камалган учурлар да болгонуна токтолуп, жаңы имаратта андай окуялар болбосуна үмүт кылды.

Ташиев эски имаратты эмне кылуу керектигин эми президент Садыр Жапаров чечерин белгиледи.

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги УКМКнын жаңы административдик имаратын куруу 2023-жылы 29-майда башталган.

Ал жерде ошол күнү атайын кызматтын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имараты ачылып, пайдаланууга берилген.

Дагы караңыз

Сумы: Орусиянын соккусунан фермадагы жүздөгөн жандык кырылдыОрусия Украинага курал берүүнү токтото туруу тууралуу шарт койду Садыр Жапаров Ысык-Көлдү толтурган дарыялар азайганын айттыИлон Масктын Ак үйдөгү иши аяктады, Трамп ага алтын ачкыч берди Элчи Бөкөнтаев диаспора башчылары менен миграциялык талаптарды талкуулады Акыйкатчы институту Айзиректин балдарына, жакындарына укуктук жардам берет