Бишкек шаардык соту укук коргоочу Рита Карасартованы абакта калтырды

Рита Карасартова.

Бишкек шаардык соту 29-майда укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чарасын карап, аны тергөө абагында калтырды. Муну менен судья жактоочунун үй камагына чыгаруу өтүнүчүн четке какты.

Карасартова 14-апрелде кармалган, үйү тинтүүгө алынган. Укук коргоочу муну жаранык активист Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык делген катты өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаганына байланыштырган.

Прокуратура Карасартовага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча айып тагылганын жарыялаган.

Укук коргоочунун кармалышына байланыштуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсызданып, кыргыз бийлигин аны бошотууга чакырып келет.

Рита Карасартова Кемпир-Абад ишине байланыштуу дагы камалып, кайра акталган.

Дагы караңыз

АКШда аппеляциялык сот Трамптын тарифтерин тыюуну убактылуу токтотту Муфтий Абдулазиз Закиров аялдарга жасалган зордук-зомбулукту айыптады "Клооптун" дагы эки кызматкерин УКМК суракка алып кеткени кабарландыАйыл чарба министрлиги: ферула айдагандарга жеңилдетилген насыя берилет АКШда сот Трамп глобалдык тариф саясатында укугунан аша чапкан деп тапты Орунбеков "Клооптун" журналисттерин Болот Темиров "каржылап жүргөн" деп билдирди Экономика министрлиги цементти социалдык маанилүү товарлардын катарына кошууну сунуштады