ЖК: өкмөт чайыр тууралуу дыйкандарга берген убадасын аткарбай жатканы айтылды

Ферула же сасык чайыр.

Жогорку Кеңештин 28-майдагы жыйынында сасык чайыр (ферула) тууралуу өкмөт дыйкандарга берген убадасын аткарбай жатканы тууралуу маселе көтөрүлдү.

Депутат Динара Ашимова өкмөт план кабыл алып, дыйкандарга ферула айдоо тууралуу сунуш бергенин, бирок иш ошол бойдон токтоп калганын билдирди. Мындан улам өкмөт өкүлдөрүн чакырып, маалымат алууну сунуштады.

"Чайырды (феруланы) айдоо жайыттарды колдонгондон 30 эсе пайдалуу, кирешелүү чарбачылык экен. Министрлер кабинети жарлык чыгарып, план кабыл алып, 2024-жылы фермерлерге ферула айдагыла деп сунуш кылышкан. Мына, Өзбекстанда 12 миң гектар жерге ферула айдалыптыр. Бул өтө пайдалуу өсүмдүк экен. Фармацевтикалык фабрикалар жакшы алат экен. Климаттык өзгөрүүлөрдүн учурунда дагы жакшы өсөт экен. Мен Айыл чарба министрлигине кайрылдым, мамлекеттик план кандай аткарылып жатат деп сурадым. Мага жакшы деле жооп келген жок. Демек план дагы аткарылбаптыр. Дыйкандар менен дагы эч кандай иш жүргүзүлбөй жатыптыр. Ошондуктан протоколдук тапшырма берип, эмне иш аткарып жатканын угалычы. Министрлер кабинети чечим чыгарып жатса, эмнеге ал аткарылбай калды",-деди депутат.

Аширова канча дыйкан канча аянтка ферула айдаганын тактаган жок.

Министрлер кабинети дагы бул билдирүү туралуу азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин Баткенде ферулага байланыштуу маселе чыккан. Айрым жергиликтүү тургундар чайыр алуу үчүн жайыт мыйзамсыз бөлүнүп кеткенин, ага облустагы таасирдүү адамдар аралашканын айтып чыгышкан.

2022-жылы облустун ошол кездеги губернатору Абдикарим Алимбаев мамлекеттик деңгээлде анын жол-жобосун иштеп чыгуу керектигин айткан. Жапайы чайырды жыйноого жалпысынан 20дай уруксат берилгени, аларга тийбей, кол менен айдап, аны жыйнап алуу сунушу берилген.

Ферула же кыргызча аталышы сасык чайыр (кокон чайыр деген да аталышка ээ-ред.) - көп жылдык чөп өсүмдүгү. Кыргызстанда анын 35тен ашык түрү өсөт. Индия жана Пакистан сыяктуу Азия өлкөлөрүндө тамак-ашка кошулат, ошондой эле дарылык максатта колдонулат.

Мындан улам анын бир килограммы 30дан 100 долларга чейин бааланып, четке сатылат.

Дагы караңыз

Үч өлкөнүн энергетика министрлери Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун талкуулады Трамп Путинди дагы сындап, "от менен ойноп жатат" деп билдирди Кара-Кулжа: 20 жылдык кечеге барган аялын өлтүрүүгө шек саналган жаран камалды Сот Жоомарт Карабаевди күнөөлүү деп таап, пробациялык жаза чегердиОш: "Келечек" базарынын көчүрүлүшүнө нааразы соодагерлер мэр менен жолуктуКыргыз-өзбек чек арасы: Ташиев Чечме булагы Кыргызстанга өткөнүн билдирди Муфтий дин ишмерлерин каржылык иштерди мыйзамга ылайык жүргүзүүгө чакырдыИИМ жолдогу чырга аралашкан жаран күч кызматкери эмес экенин билдирди