Үч өлкөнүн энергетика министрлери Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун талкуулады

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 4 миллиард доллардан ашык каражат кетет деп эсептелген.

Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери 26-27-май күндөрү Дубайда жолугуп, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун талкуулады.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги жолугушуу Дүйнөлүк банктын көмөгү менен өткөнүн билдирди.

"Үч өлкөнүн өкмөтү Дүйнөлүк банкка кайрылып, долбооорго техникалык көмөк көрсөтүүнү, анын техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылоого, экологиялык жана социалдык таасирин баалоого жардамдашууну өтүнгөн. Жолугушууга аталган банктын жогорку кызматтагы өкүлдөрү да катышты. Алар башка эл аралык уюмдар менен кошо үч мамлекеттин Камбар-ата-1 ГЭСин чогуу куруу аракеттерин колдошорун билдирди. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар мындан аркы иш-аракеттерди, алардын мөөнөтүн, долбоорду илгерилетүү үчүн министрлердин жолугушуусун такай өткөрүп турууну макулдашты",-деп жазылган маалыматта.

Жыл башында энергетика министри Таалайбек Ибраев Камбар-Ата-1ди курууга каражат дээрлик табылганын билдирген. Ташкенттеги министрлердин жолугушуусунда тараптар Дүйнөлүк банктан ар бир өлкөгө 500 миллион доллардан берүүнү сурап кат тапшырганын айткан. Анда аталган донордук уюм бул долбоорго жалпы 18 миллиондон ашык каражат бөлгөнүн, бул акча техникалык-экономикалык негиздемеге кошумча-алымча киргизүүгө жана юридикалык компанияга сарпталып жатканын кошумчалаган.

Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 Борбор Азиядагы үч өлкө биргелешип куруу чечими 2023-жылдын башында кабыл алынган. Ага ылайык, үч мамлекет биргелешкен ишкана түзүлөт, ал Камбар-Ата-1 ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга, Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт деп чечилген. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызына байланыштуу тынчсыздануусун билдиришкен.

ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.

Бул долбоорго башында 4 миллиард доллардан ашык каражат кетет деп эсептелген.

Дагы караңыз

Трамп Путинди дагы сындап, "от менен ойноп жатат" деп билдирди Кара-Кулжа: 20 жылдык кечеге барган аялын өлтүрүүгө шек саналган жаран камалды Сот Жоомарт Карабаевди күнөөлүү деп таап, пробациялык жаза чегердиОш: "Келечек" базарынын көчүрүлүшүнө нааразы соодагерлер мэр менен жолуктуКыргыз-өзбек чек арасы: Ташиев Чечме булагы Кыргызстанга өткөнүн билдирди ИИМ жолдогу чырга аралашкан жаран күч кызматкери эмес экенин билдирди Улуттук банк жыл башынан бери үчүнчү ирет интервенция жасап, 59,8 млн доллар сатты Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду быйылкы долбоорлорго 95 млн доллар бөлөт