Казакстанда эгин талааларына суу жетпей жатат
Ысык-Көлдүн Түп районунда сел жүрүп, турак жай, мал сарайлар жабыркады. Орус-грузин согушунун 15 жылдыгына карата Тбилисиде митинг өттү. Беш күндук согуштан кийин Грузия Түштүк Осетия жана Абхазия аймактарына көзөмөлүн жоготкон. Орусияда бычакталган келин жана аны өлтүрүүгө шектелген күйөөсү орус жарандыгын алган кыргызстандыктар экени аныкталды. Келинди күйөөсү балдарынын көзүнчө кызганычтын айынан бычактап салганы айтылууда. Казакстандын дыйкандары суу тартыштыгынын азабын тартып жатышат. Мээ кайнаткан күндүн ысыгында талаага суу жетпей, эгин куурап жатат. Жабыркап жаткан Жамбыл районуна суунун 80 пайызы Кыргызстандан агып кирет.
Чыгарылыштар
-
Июнь 05, 2025
Орусия: Мигранттын баласы мектепке кантип кирет?
-
Июнь 05, 2025
Айзиректин өлүмү: Мылтыктын ээси ким?
-
Июнь 03, 2025
Оштун мурдагы казысы кайра камалды
-
Июнь 02, 2025
Курманбекова орус жарандыгынан эмнеге ажырады?