Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:47

Рютте НАТО өлкөлөрү коргонуу тармагын көбүрөөк каржылоого макул экенин айтты


Марк Рютте.
Марк Рютте.

АКШнын НАТОдогу союздаштарынын көбү Кошмо Штаттардын президентинин альянска мүчө өлкөлөрдүн өз коргоо тармагына жумшаган каражатын көбөйтүү талабын колдоп жатат. Бул тууралуу НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте билдирди.

Жума күнү альянстын Брюсселдеги башкы кеңсесинде коргоо министрлеринин кезектеги жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Рютте:

"Кеңири колдоо бар. Биз ошого дээрлик жакындап калдык", - деди.

Ал НАТОнун үч аптадан кийин өтө турган кийинки саммитине чейин чечим кабыл алынарына толук ишенерин кошумчалады.

АКШ президенти Дональд Трамп НАТОдогу союздаштары өзүнүн коргоо тармагына ички дүң өнүмүнүн 5 пайыздан кем эмесин коротушун талап кылып, ошондо Кошмо Штаттар өз чек арасындагы, Инд-Тынч океан аймагындагы жана башка жерлердеги коопсуздукка көбүрөөк көңүл бура аларын айтып келет.

Кошмо Штаттардын европалык союздаштары жана Канада Орусия 2022-жылы Украинага каршы толук масштабдуу согуш баштагандан бери куралдуу күчтөрүнө көбүрөөк каражат бөлүп, курал-жарак сатып алууда. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG