Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:03

Орус армиясынын катарында Украинада согушкан өзбекстандык соттолду


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Өзбекстанда Орусия тараптан Украинадагы согушка катышкан жаран соттолду. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы жазды. Маалыматка караганда, 28 жаштагы Ташкент шаарынын тургуну Москвага иштөө үчүн барып, кийин Орусиянын армиясынын катарында согушка кеткен.

Ал сот отурумунда Орусияга эрежесиз мушташтарга катышуу үчүн барганын айтып берди.

"Биз үй-бүлөбүз менен дүкөн иштетчүбүз. Ал ишим жакшы жүрбөй, банкрот болуп, карызга баттым. Ошондуктан чет өлкөдө акча үчүн мушташам деп ойлодум. Интернеттен Москвада өтө турган эр уруш боюнча жарыя таптым. Алар мага бардык чыгымды төлөп берүүнү убада кылышты. Былтыр майда Москвага баргам. Мени армян улутундагы менежерлер тосуп алып, урушка чыктым. Бирок көп өтпөй алар мен катышкан беттештин жыйынтыгы жокко чыгарылганын айтып, паспортту бербей, акча талап кылышты", - деген өзбекстандык жаран сотто.

Анын айтымында, кийин ал жарнама аркылуу Орусиянын укук коргоо органдары менен келишим түзүп, согушка жиберилген.

Өзбекстандык жаран бир көзүнө дрон сыныгы тийип, анын кесепетинен көзүнөн ажыраганын айтты. Ага коңшу өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү (Жалданмачылык) боюнча айып тагылды. Сот аны күнөөлүү деп таап, ал төрт жылга эркинен ажыратылды.

Бул Орусия тарапта Украинага каршы согушка катышканы үчүн өз мекенинде соттолгон биринчи өзбек жараны эмес.

Быйыл апрелде 51 жаштагы өзбекстандык жаран жалданмачылык боюнча айыптап, беш жылга эркинен ажыратылган. 2025-жылдын январында дагы бир өзбек жараны Украинанын Бахмут аймагында согушка катышканы үчүн 4 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. 2024-жылдын декабрында Куштепе районунун 22 жаштагы тургуну шарттуу түрдө 5 жылга камалган. Сентябрда “Вагнер” жалданма аскерлер компаниясында кызмат өтөгөн өзбек жараны 4 жылга кесилген. 2023-жылы октябрда дагы бир өзбек жаранына согушка катышкандыгы үчүн 3 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан.

Буга чейин "Хочу жить" Орусияга жалданган 1110 өзбекстандыктын аты-жөнүн аныктаган. Тизмедеги кеминде 109 киши урушта каза тапканы такталган. Согушка жөнөгөн өзбекстандыктардын эң кенжеси 21де, эң улуусу 61 жашта.

Буга чейин долбоор Борбор Азиянын калган өлкөлөрүнүн орус тарапта согушка жалданган жарандарынын ысымдарын жарыялаган.

Статистикалык маалыматка караганда, Казакстандын 661, Кыргызстандын 360, Тажикстандын 931 жана Түркмөнстандын 170 жараны майданга кеткен.

Бардыгы болуп кеминде 3232 борбор азиялык Украинада согушуп жүргөн орус армиясынын катарын толуктаган. "Хочу жить" долбоорунун авторлору билдиргендей, аларды негизинен "көп акча аласыңар" деп алдап же коркутуп жалдашат.

Борбор Азиянын бир катар мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда чет жакта согушка аралашкан жарандар өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартылат. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG